• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«СПИД» борборунун кызматкеринен коронавирус табылды

4 Кулжа 2020 18:35 Бишкек Govori.TV

Республикалык «СПИД» борборунун кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Кaktus.media сайты жазды.

Аталган борбордун жетекчисинин айтымында, медицина кызматкери илдетти жумуш учурунда жугузган эмес.

«Кызматкерилдетти бизден жуктурган жок. 25-майда Орозо айтка байланыштуу баары эс алып жатышкан. Шейшемби күнү кызматкерибиз чалып, дене табы көтөрүлүп жатканын айтты. Лаборатория башчысы аны жумушка келбесин деди. Көрсө, ал үйүнөн аспирин ичиптир. Шаршемби күнү дене табы түшүп, ал жумушка чыкты. Анын дене табы тууралуу билгенден кийин дароо коронавируска анализ алдык. Кечинде вирус бар экени аныкталды», — деген борбордун жетекчиси Үмүткан Чокморова.

Учурда мекеменин бардык кызматкерлери коронавируска анализ тапшырышкан.

«Биз берген анализдердин жыйынтыгын таза чыкты. Азыр илдетке чалдыккан кызматкерибиз жугуштуу оорулар ооруканасында жатат. Ал иштеген лаборатория карантинде. Аны менен тыгыз байланышта болгон кызматкерлердин баары обсервацияга жаткырылды. Азырынча эч кимде белгилер жок», — деп кошумчалаган Чокморова.

Количество просмотров: 75