• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Спикерге агасы болушту…

11 Жалган куран 2019 18:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.03.2019. Govori.TV

КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнө өтпөй калган журналист  Чынар Капарова Жогорку Кеңештин регламенти боюнча төрага Дастан Жумабековго кат менен кайрылган.

Чынар Капарованын маалыматына караганда ал төрагага алгачкы катын 10-февралда жазган. Каттын изи жоголуп кеткендигине байланыштуу 25-февралда кайра жазууга аргасыз болгон.

Бул тууралуу Ч. Капарова фейсбук тармагындагы бааркчасына жазып чыкты. Ага төраганын бир тууган агасы белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков жооп жазып “силер жазышып койгула, акылдуу эмессиңерби” деди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өткөн жумада Өкмөт башчы М. Абылгазиевге жазылган кат боюнча сынга кабылган. Д. Жумабеков “Кыргызстан” фракциясынан. 

Теги:
Количество просмотров: 13