• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Стамалиеванын ордуна башка дайындалды. Жээнбековдун буйруктары

13 Үчтүн айы 2020 15:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мамлекет башчысынын аппаратынын түзүмүндө өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Президенттин Жарлыгына ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана маалымат катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйруктары:

Толгонай Стамалиева Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы болуп дайындалды;

Наргиза Мансурова Кыргызстандын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

Назгүл Ташпаева Кыргызстандын президентинин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

Кудайберген Базарбаев Кыргызстандын президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Количество просмотров: 401