• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты 10-октябрга белгиленди

8 Тогуздун айы 2018 14:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.10.2018.   Govori.TV

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты 10-октябрда саат 10.00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Учурда өкмөттө Жумагуловду акыркы сапарга узатуу боюнча комиссия түзүлдү. Комиссияны биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектөөдө.

Белгилүү журналист, акыркы кезде маданият министри болуп иштеп келген Султан Жумагулов кече түнү 59 жашта курагында көз жумган. Министр акыркы кездерде онкологиялык оору менен жабыркап жүргөн.

Султан Жумагулов Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин ВВСде, «Азаттыкта», ЭлТРде, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Ал журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал. Былтыртан бери маданият министри катары эмгектенип келген.

Количество просмотров: 30