Бүгүн журналисттер Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдон Ала –Тоо аянтынынын жанындагы заманбап кафелерди ага тиешеси бар же жок экенин тактап сурашты. Бирок ал гүл бакча боло турган жерге жана Ала-Тоо аянтына тоскоолдук жаратпасын айтып, журналисттердин суроосуна так жооп бере алган жок.
Эске салсак, Бишкектеги Ала-Тоо аянтына жакын жайгашкан заманбап кафе-ресторандар калаа башысы Азиз Суракматовдун жакындарына тиешелүү экени жакында айтылган.