• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Суракматов КСДПнын талапкерлер тизмесинен чыгарылды

25 Бештин айы 2018 9:16 Бишкек Govori.TV

 Бишкек. 25.12.2018.Govori.TV.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча Суракматов өзү арыз жазган. БШК бул арызды карап, канааттандырды.

Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп 8-августта шайланган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы көрсөтүп, көпчүлүк колдогон.

Теги:
Количество просмотров: 7