• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Суракматовдун Курман айт күнү сүйлөгөн сөзү коомчулукта талкууга түштү (видео)

22 Баш оона 2018 16:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.08.2018.Govori.TV.
Курман айт күнү  Суракматовдун эл алдына чыгып кыргызча сүйлөгөнү соц.тармакта  кызуу талкууга түштү. Ал куттуктоо сөзүн айтып жатып бир нече жолу ката кетирген.
«Урматтуу мусульман туугандар, урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору, сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен Бишкек шаарынын мэриясынын атынан чын жүрөктөн куттуктайм. Ушул күндө, Курман айт майрамыныздарда баарыңыздарга ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Курман айтыңыз… Курман ыраазы болсун, кабыл болсун. Айтыңар маарек болсун! Рахмат»,- деди өз куттуктоосунда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Бул көрүнүш коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты.

Ак калпагы башына конгон кыргыздын эле мотурайган чокудай болгон уулу экен. Ак калпак деле куп жарашат экен. Бүгүн …

Опубликовано Элнура Кулуева Вторник, 21 августа 2018 г.

 Ал эми журналист Канышай Мамыркулова мэрдин мамлекеттик тил сынагынан өтүп кеткенине каршы болуп сотторго арыз менен кайрылып жүргөнү көпчүлүккө маалым.
Ал: “Тилдин кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн курал болуп жатканына кейип турам. 2017-жылы өкмөттүн №490 токтомуна кол коюлган. Ал кезде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болчу. Ошол токтомдун негизинде “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана кызматты ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө” жобо иштелип чыккан. Ошол жобого ылайык, былтыркы президенттик шайлоодо тил сынагы өткөн. Токтомдун негизинде “Кыргызтест” түзүлгөн. Эмне үчүн ал эреже шаар мэрин шайлоодо колдонулбайт? Мэр кызматы президенттик кызматтан өйдө турабы?”,- деген оюн билдирген.
Количество просмотров: 188