• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Суу сактагычка чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табылды

9 Баш оона 202017:20 Бишкек Govori.TV

Орто-Токой суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-августта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычына 1994-жылы туулган жигит чөгүп кеткен.

Издөө иштерин улантуу максатында 7 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 12:00дө маркумдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 261