• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сузакта милиция кызматкерлери кармалды

27 Бештин айы 2022 13:34 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын бүгүн, 27-декабрда кабарлады.

Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Расмий маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-декабрында кылмыштуу топтун онго жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен «Д.А.» аттуу жаран жабыркап, бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилген.

«Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көргөн эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпаганы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Аталган РИИБ кызматкерлери кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Атайын кызмат милиция кылмышка шектүүлөрдүн айрымдарын кармап, ок атуучу куралдарын (уруксатсыз травматикалык тапанча) тартып алышканын, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбай, өздөрүнө өткөрүп беришкенин билдирүүдө. Бул тапанча тинтүү учурунда Сузак милициясынын ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн табылган.

Количество просмотров: 148