Бишкектеги Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Акылбек Адимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан пара алууга шектелип кармалган.
Шектүү Акылбек Адимовдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 17-декабрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарышкан.
Белгилей кетсек, судья Акылбек Адимов 2022-жылы Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темировдун ишин караган.