Тазабек Икрамов: «KG» номерлер жок, эл депутаттарды тааныбай жатат (видео)
Тазабек Икрамов: «KG» номерлер жок, эл депутаттарды тааныбай жатат (видео)
29 Жалган куран 2018 17:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.03.2018.Govori.TV
«Депутаттардын унааларына «KG» номерлерди бергиле» деп бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөткө кайрылды.
Мында Эл өкүлү депутаттар жолдо тоскоолдуксуз жүрүп, жер-жерлерге барганда элдер байкашы үчүн мамлекеттик «KG» номерлер болушу керек деген пикирин айтты.
«KG-номер жок болсо машиненин ичинде депутат бара жатканын эч ким билбей калат экен. Шайлоочулар депутаттын келгенин билиш керек. Биз номурлардын баарын тапшырганбыз. Кайра берсеңер менчик унаабызга тагып алсак жакшы болмок»,-деди Тазабек Икрамов.
Эгер депутаттарга KG-номер берилбесе, анда өкмөт мүчөлөрүнөн дагы андай номурларды алыш керек дейт,- эл өкүлү.