• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Түлөбаев: 1-мартта бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат

8 Бирдин айы 202113:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 1-марттан тарта бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

«Коронавирус жуктургандардын жаңы учуру ушул динамикада сакталса, 1-марттан тарта бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат. Ошондой эле шаарга эки бала бакча, бир мектеп, бир оорукана салабыз. Бул иштер шаардык мэриянын бюджетинен каржыланат»,-деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 218