• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түлөбаев базар кыдырып, бааларды сурады (сүрөт)

30 Тогуздун айы 2020 15:32 Бишкек Govori.TV

Баалардын негизсиз көтөрүлүшүн алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы базарлардагы азык-түлүк жана керектүү товарлардын баа саясатын көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Ош жана Ортосай базарларынын соода түйүндөрүндө ун, кумшекер, май, эт жана башка азыктардын бааларын текшерди.

Мэрдин милдетин аткаруучу базарлардын администрацияларына азык-түлүктүн бааларына спекуляцияларды жүргүзбөөнү жана санитардык эрежелерди так сактоону суранды.

«Ар бир соода түйүндөрүндө тазалоочу каражаттар орнотулушу, сатуучулар жана сатып алуучулар беткап кийиши керек. Борбор калаанын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясына базарлардагы жана анын тегерегиндеги аймактардагы тартипти катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.
Акимиаттар жөө адамдар жүрүүчү аймактарда стихиялуу соодага каршы күрөштү күчөтүшү керек», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 465