• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түлөбаев: Калааны каптаган кара түтүндү быйыл жок кыла албайбыз

4 Үчтүн айы 2021 16:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ушул тапта шаардагы түтүндү жок кылуу мүмкүн эмес экенин, бирок кийинки кышта толук жок кылса болорун айтты. Бул тууралуу Түлөбаев бүгүн, 4-январда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, видео кайрылуу таратты.

«Мэр кайда, премьер-министр кайда, эмнени карап жатат?» деп суроо берип, ур-токмокко албай коё тургула. Биздин келгенибизге бир айдан эле ашты. Ышты азайтыш үчүн эң ириде көмүрдүн ордуна газ жагыш керек. Эмдиги жылы Бишкек ЖЭБин жана баш калаанын 22 отказанын, мектептерди газ менен жылытууга өтөбүз. Ошондо гана ышты азайта алабыз. Бирок азыркы убакта эч нерсе кыла албайбыз. Бүгүнкү күнү ЖЭБди да, Кара-Кечеден көмүр алууну да токтото албайбыз»,-деди Балбак Түлөбаев.

Белгилей кетсек, «World Air Quality» уюмунун иликтөөсүндө 3-4-январда Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Экологдор абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин билдирип, өкмөткө коңгуроо кагып келет.

Количество просмотров: 360