Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы М.З. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын жооптуу адамдары тарабынан жайыт жер тилкелерин трансформацияланбастан мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы М.З. кармалып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.