«Түндүк электрге» миллиондоп карыз болгон 10 ишкананын аты аталды
«Түндүк электрге» миллиондоп карыз болгон 10 ишкананын аты аталды
11 Аяк оона 2020 11:17 Бишкек Govori.TV
Абоненттерден «Түндүк электр» ишканасына төлөнө элек карызынын жалпы суммасы 500,6 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, карыздар 14-сентябрга чейин төлөнбөсө, ишканалардын жарыгы өчүрүлөт.
Миллион сомдон ашык карызы бар ишканалардын тизмеси:
«Учкун» ААК — 1,9 миллион;
«Бета Иншаат Ятырымжылык» ЖАК — 1,9 миллион;
«Кыргызмебель» ААК — 1,6 миллион;
«Орок кыш заводу» ЖЧКсы— 1,2 миллион;
«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы — 22,9 миллион сом;
Мамлекеттик имараттар департаменти — 6,3 миллион;
Бишкек троллейбустук башкармалыгы — 2,8 миллион;
ЖАМКтын 36/47 мекемеси — 2,6 миллион;
Улуттук хирургия борбору — 2,5 миллион;
«Спорттук шаймандарды жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемеси — 2,3 миллион;
Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компания кардарларын бересесинен кутулууга чакырат.