• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Төрөбаев: Азык-түлүк баалары кескин түрдө көтөрүлүшү мүмкүн

19 Жетинин айы 2020 14:35 Бишкек Govori.TV

Азык-түлүк баалары кескин түрдө көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай пикирин ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

«Дүйнөлүк маалымат жана экономикалык анализ көрсөткөндөй жакынкы күндөрдө өлкөдө азык-түлүктүн баалары кескин түрдө көтөрүлүп, кымбатчылык болушу ыктымал. Буга АКШ долларынын курсу жана темир жол кызматтарынын акысынын жогорулашы себеп болуп жатат. Бул боюнча тиешелүү ведомстволор тарабынан алдын алуу иш аракеттери жүргүзүлүп, элге оорчулук жаратпай, кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун табышы керек, — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, буга чейин базардагы азык-тулүктүн баалары кескин түрдө өскөнү кабарланган эле.

Количество просмотров: 447