• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Төрага Дарига Назарбаева менен жолукту

24 Аяк оона 2019 15:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту.

Жолугушууда төрага Дастанбек Жумабеков боордош эки өлкөнүн достук мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн кубанганын белгиледи. Ошондой эле Дарига Назарбаеваны Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктап, Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отуруму жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатканына токтолду.

“Отурумга Европа, Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринен жана эл аралык уюмдардан көптөгөн сандагы делегациялардын катышып жаткандыгы иш-чаранын өтө маанилүү экенин далилдеп турат”, – деди төрага Дастанбек Жумабеков.

Муну менен катар кыргыз-казак алакалары тууралуу сөз кылган Жогорку Кеңештин төрагасы тили, маданияты, салт-санаа баалуулуктары окшош эки элдин тарыхый байланышы терең экенин баса белгиледи. Андан тышкары, эки мамлекеттин саясий-экономикалык кызматташтыгы жигердүү уланып жатканын жана өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү дагы да өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева боордош эки элдин бир туугандык, достук мамилеси түбөлүктүү экенин билдирип, бардык багыттагы кызматташтыкты арттырууга керектүү болгон парламенттер аралык байланышты кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов жана Нодирбек Каримов катышты.

Количество просмотров: 198