• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Түркияда орус элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип бүттү

25 Жетинин айы 2018 16:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.11.2018. Govori.TV
Түркияда орус элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип бүттү. Anadolou мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, прокуратура 28 адамга айып такканы жатат, алардын арасында Фетхулла Гүлен жана анын бир нече тарапкери бар.
Элчи Карлов 2016-жылдын 19-декабрында Анкарадагы «Орусия: Калининграддан Камчаткага чейин саякатчынын көзү менен» аттуу фотокөргөзмөдө сүйлөп жатканда окко учкан. Элчини аткан 22 жаштагы полиция кызматкери Мевлүт Алтынташты коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерден атып өлтүрүшкөн.
Кошмо Штаттарда акыркы жыйырма жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келе жаткан Фетхулла Гүленди расмий Анкара 2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келатат.
Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТО деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган бул уюмду террористтик деп таанууга чакырган.
Булак: «Азаттык»
Количество просмотров: 6