Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV
Түркиянын Трабзон шаарындагы көптөгөн мейманкана, ресторан, кафелерге жүргүзүлгөн рейдде сойкулук менен алектенет деп шектелген 63 чет өлкөлүк жаран кармалган. Бул тууралуу Түркиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Аталган шаардан Орусиялык 10 жаран, Өзбекстандан 14, Азербайжан 19, Грузия 6, Украина 7, Тажикстан 1, Молдова 1 жана Кыргызстандык 5 жаран кармалган. Булардын бардыгы Туркиянын коомдук коопсуздук бюросуна жеткирилип, 61 аял мекенине депортация кылынган. Алардын ичинде Кыргызстандык 5 кыз дагы бар.