• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түркиядагы зилзала: Президенттик администрациянын кызматкерлери 1 күндүк маяналарын которушту

7 Бирдин айы 2023 16:36 Бишкек Govori.TV

Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардам үчүн Кыргыз Республикасында акча каражаттарын бир жерге чогултуу боюнча бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу материалдык жардам катары которушту»,-деп айтылат маалыматта.

Табигат кырсыгынын кесепеттерин жойууга көмөк көрсөтүүнү каалагандар бул эсептин реквизиттерине акча каражаттарын которо алат.

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;

Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө.

Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Количество просмотров: 279