• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Түркиядагы зилзала учурунда уранды алдында калган бөбөктөр куткарылды

6 Бирдин айы 2023 18:04 Бишкек Govori.TV

6-февралга караган түнү Түркия менен Сирияда очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен миңден ашуун адам каза болду.

Түркиянын ар кайсы шаарлардагы ондогон имарат кыйрап калган. Социалдык тармактарда зилзала учурунда уранды алдында калган бөбөктөр куткарылган видео тарады.

Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Дипломатиялык өкүлчүлүгк маалыматты тактоо иштерин улантууда. Мекендештерге консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Количество просмотров: 3697