• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Түштүк Африка Республикасынын бийлиги башаламандыктарды токтотуу үчүн армияны колдонот

14 Теке 20219:34 Бишкек Govori.TV

Түштүк Африка Республикасынын бийлиги мурдагы президент Жейкоб Зумага карата чыгарылган сот өкүмүнөн кийин башталган башаламандыктарды токтотуу үчүн армияны колдонууну чечти.

Июндун аягында өлкөнүн Конституциялык соту Зуманы 15 жылга эркинен ажыраткан. Саясатчы бийликте турган 2009-2018-жылдардагы коррупция иши боюнча көрсөтмө берүү талабын аткарган эмес деп айыпталган.

Өткөн жумада Зума бийликке өзү багынып берип, камакка алынгандан кийин анын тарапташтарынын акциялары башталган. Митингдер имараттардын өрттөлүшү жана мародерлук менен коштолуп, жыйынтыгында бери дегенде алты киши көз жумду.

Бийлик башаламандыктардын 500гө жакын катышуучусу кармалганын билдирүүдө.

Количество просмотров: 93