“Түндук электр” ишканасынын кызматкерлери митингге чогулушту. Алар буга чейин кызматтан алынган жетекчини кызматка кайтарууну талап кылышууда.
Маалыматка ылайык, Доскул Бекмурзаев 27-октябрда кызматтан алынган, ал эми анын ордуна Улан Астаркулов дайындалган.
Чогулгандар буга каршы экенини билдиришип, нааразычылык акциясына чыгышкан.
Учурда кызматкерлер Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту.