• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Түз эфир: Таласта 24 саат тынымсыз Манас айтылууда

5 Бештин айы 202011:58 Бишкек Govori.TV

“Манас Ордодо” бир күндөн бери Манас айтылууда.

Кечээ, 4-декабрь “Манас күнүнө” карата Талас облусундагы “Манас Ордо” комплексинде иш-чара башталган.

Азем Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтүп жатат. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00 токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбайт. Саамалык демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 174