• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Табарсыгы жарылганча сабалган жоокер. Кылмыш иши токтотулду

11 Баш оона 2022 10:33 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө аскердин сабалышы боюнча кылмыш иш токтотулду. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, 8-август күнү бул кылмышка айыпталган Т. Жаныбек уулуна карата козголгон кылмыш иши тараптардын жарашып, келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруусуна байланыштуу токтотулган.

«Кармалган жаран анча оор эмес кылмыш жасаган деп айыпталган. Мындан тышкары, сот отурумунда жабырлануучу тарап дагы бул кылмыш иши боюнча өндүрүштү элдешүүгө жана материалдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу токтотууну суранып, ошондой эле айыпталуучуга эч кандай дооматы жоктугун түшүндүргөн. Буга байланыштуу соттун чечими менен козголгон кылмыш иши токтотулган»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, аталган аскер бөлүктөгү мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан Бекзат Эсенбеков 1-июнда катуу сабалып, табарсыгы жарылып ооруканага түшкөн. Башкы прокуруратура бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгогон жана келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан бир аскер кызматкери кармалган.

Количество просмотров: 610