• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Таласта 12 жаштагы кыз зордукталды

25 Жетинин айы 2020 17:15 Бишкек Govori.TV


Талас шаарында 2 өспүрүм 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Милициянын маалыматына караганда, 18-ноябрь күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө Талас шаарынын тургуну кайрылып, 2008-жылы туулган кызы эки жаш өспүрүм тарабынан зордукталганы тууралуу арыз жазган. Арызында ал 17-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында 12 жаштагы кызы 2004-жылы жана 2003-жылы туулган өспүрүмдөр тарабынан зордукталганын билдирген.

Жергиликт милиция бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кабарлады. Анын негизинде соттук медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 763