• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Талкууга алынган спикердин сөзүнөн кийинки пикирлер…

25 Аяк оона 2019 10:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда орус тилинде сөз сүйлөгөндөн бери коомчулукта, айрыкча социалдык тармакта абал тынч эмес.

Дегеним, спикердин башка өлкөлөрдөн келген кесиптештеринин алдында орус тилинде кичине кыйналып сөз сүйлөөсү катуу талкуу жаратып, коомчулукту эки жээкке бөлдү.

Айрымдар жазылган текстти тыңыраак окуй албайт деп наалат айтышса;

Ал эми кээ бирлери канткен менен орус тили биз үчүн чет тил да, андыктан акцент менен сүйлөгөн кадыресе көрүнүш экенин айтышын, башкысы ката кетирген жок да деген пикирлерин жазышкан.

Количество просмотров: 271