• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тамактануучу жайга кирип барып, ызы-чуу чыгаргандар кармалды

21 Тогуздун айы 202410:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында алдын ала сүйлөшүп алып, коомдук тартипти одоно бузууга шектүү адамдардын тобу кармалды.

Бишкек ШИИБдин маалыматына ылайык, 18-19-октябрь күндөрү азиат улутундагы белгисиз адамдар Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “Бойкот” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жазашып, интернет тармактарында өздөрүнүн аккаунттарына жарыялашкан.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында 1995-жылы туулган К.А., 2000-жылы туулган Ж.С., 2000-жылы туулган К.Б., 1998-жылы туулган Т.И. аттуу шектүүлөр кармалып, борбордук милициянын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 111