• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тамашоучу Кадыр Жарматовдун жубайы асынып каза болгону айтылууда

23 Чын куран 2021 14:41 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 22-апрель күнү Кара-Суу районунда 32 жаштагы келин өз үйүндөгү гаражда асынып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 13:10 чамасында Кара-Суу РИИБге райондун Ишкаван айылында белгисиз аял өзүн-өзү асып каза болгону боюнча маалымат түшкөн. Аталган маалымат Кара-Суу РИИБде катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Иликтөө учурунда 32 жаштагы С.К. аттуу келин үйүнүн жанындагы унаа токтотуучу гараждын ичиндеги темир тосунга (лаг) жоолук менен асынып каза болгону аныкталган. Анын 33 жаштагы жолдошу жана жакын туугандары эч кимге арыз-доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.

Маркум келиндин артында 3 уул, 1 кызы калды.

Айрым маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, суицидге барган аял тамашоучу, актёр Кадыр Жарматовдун келинчеги Каныкей Саматова экени айтылууда.

Количество просмотров: 3476