• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тамеки чегүүнү чектеген мыйзам долбоору даярдалууда

16 Тогуздун айы 2018 15:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.10.2018. Govori.TV
Бишкекте тамекинин ден соолукка зыяны тууралуу маселени талкуулаган жыйын өтүп жатат. Жогорку Кеңеште чылым чегүүнү тыюу боюнча мыйзамга толуктоолорду киргизүү сунушу каралууда.
Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан, КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, насыбай, электрондук чылым жана кальянды тыюу жагы каралууда.
Ошону менен катар балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамекиге толук тыюу салуу сунушталып жатат.
Булак: Азаттык
Количество просмотров: 37