Бишкек шаарында тапанчадан ок чыгарган жигит милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 12-ноябрга караган түнү Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аталган факт КЖБРга Жоруктар жөнүндө кодексинин 121-беренеси (Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу) менен катталды.
«Милиция кызматкерлери видеодогу жигитти бүгүн, 24-ноябрда РИИБге алып барышты. Видеодогу жигит 2002-жылы туулган Р.Б. экени аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарга жаш жигиттин тапанчадан ок чыгарган видеосу тараган.