• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Таш-Көмүр шаардык кеңештин төрагасынын орун басары дагы кармалды

17 Баш оона 202410:46 Бишкек Govori.TV

УКМКнын кызматкерлери тарабынан Таш-Көмүр шаардык кеңештин төрагасынын орун басары 14-августта кармалды. Комитеттин маалыматы боюнча, Б.С.С акча каражатын алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.


Арыз ээси О.А.Ж. билдирген маалымат боюнча, шектүү андан 45 000 сом талап кылган. Бул акчаны алгандан кийин жергиликтүү бюджеттен эмгек акы өндүрүү маселесин чечип бермек. Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.


Б.С.С. 2023-жылдын июнунда Таш-Көмүр шаардык кеңештин төрагасы болуп турган учурда УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган. Бул иш тараптар элдешкенине байланыштуу токтотулган болчу.

Теги:
Количество просмотров: 179