Бүгүн, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышууда.
Жеринде УКМК төрагасы тик учак менен Ош облусунун жана Ош шаарынын сел каптаган аймактарындагы абалды көрүп чыкты.
Камчыбек Ташиев селден жабыркаган жергиликтүү тургундардан кабар алып, турак-жайлары жараксыз болгон жарандарга жана селден каза болгондорго мамлекет тарабынан даректүү жардамдар көрсөтүлөрүн айтты.
Ошондой эле, УКМК төрөгасы Ош шаарындагы борбордук базарында эл менен жолугуп, базар коопсуз жайга көчүрүлө турганын айтты.
Мындан сырткары жергиликтүү тургундар менен кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыруу жаатында сүйлөштү. Эгерде камсыздандырылса, өзгөчө кырдаалдарда жабыркаган кыймылсыз мүлктү калыбына келтирүү алдаганча жеңил болоруна токтолду.