Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) соңку мезгилде айрым белгилүү блогерлер жана интернет колдонуучулар атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, акча үчүн жарандардын ар кандай маселелерин чечип берүүгө убада кылган учурлар байкалып жатканын эскертти.
Атайын кызмат жарандарды Ташиевдин атын жамынган ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттер жөнүндө УКМКга кабарлоого чакырат.
Мекемеге кандайдыр бир маселе боюнча «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамынын негизинде кайрылса болот.