• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Ташкентте кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев кармалды

4 Бештин айы 2023 14:48 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын укук коргоо органдары «Салимбай» жана «Салимбай байбача» деген каймана ысым менен таанымал 73 жаштагы ишкер Салим Абдувалиевге карата тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бир катар жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып кабарлашты.

Uznews.uz басылмасынын маалыматына караганда, Салим Абдувалиев 1-декабрь күнү кечинде Ташкенттеги резиденциясында кармалган. Учурда укук коргоо органдары ага карата тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Абдувалиев 2017-жылдын январынан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин төрага орун басары болгон. Ал 1997-жылдан бери өлкөнүн Спорттук күрөш ассоциациясынын президенти кызматын аркалап келген.

Бир нече күн мурда Ташкентте өткөн профилактикалык жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында «Саидазиз медгородок» атыккан кримтөбөл Саидазиз Сайдалиев кармалганы кабарланган. Ал бир нече киши менен бирге опузалап акча талап кылуу шеги менен камакка алынган. ЖМКлардын маалыматына караганда, алар адамдардын карыздарын «өндүрүп берүү» менен алектенишкен.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы «Бахти Ташкентский» ысымы менен белгилүү Бахтиёр Кудратуллаев да «ири өлчөмдө акча опузалоо» шеги менен кармалганын ырастады. Күнөөлүү деп табылса ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы баш калаада криминалдык абалды жөнгө салуу үчүн масштабдуу алдын ала профилактикалык чаралар көрүлүп жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 470