• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ташкентте милиция сабалган трасгендерди ага кол салган киши менен «элдештирди»

13 Теке 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

7-июлда Ташкенттеги үйүндө сабалган Нигина (Миршариф Закиров) аттуу трансгендердин жакындары бул окуя атайын уюштурулганын билдиришүүдө.

– Ал күнү Нигинанын батирине бир бала келип, андан акча талап кылган. Нигина аны менен ошол эле күнү телефондон таанышканын айтууда. Ал акча берүүдөн баш тартканда берки бала аны сабай баштаган. Ызы-чуудан улам коңшулары келгенде тиги бала качып кеткен. Биз бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кабар бергенбиз. Бирок милиция Нигина менен аны сабаган баланы “элдештирген”. Экөө тең бири-бирине эч кандай дооматтары жок экени тууралуу арыз жазып беришкен. Нигина арыз жазууга милиция кызматкерлеринен өтө корккондуктан барган болушу керек. Анткени ал алардын кемсинтүүсүнөн тажап бүткөн, — деди Нигинанын аты-жөнүн айткысы келбеген жакын тааныштарынын бири.

Ал бул окуя атайын уюштурулган деп эсептейт.

– Мунун атайын уюштурулганы көрүнүп турат. Бирок ким уюштурганын билбейм. Нигинага кол салган бала спортчуга окшош. Ал Нигинаны жалаң бетке ургулап, “Сени көчөдө баскыс кылам” деп бир нече жолу айткан. Ал келген автоунаанын ичинде эки кыз жана эки бала да бар болгон. Бирок милиция кызматкерлери бул фактыга анча көңүл бурбай, жөн гана экөөнү “элдештирип” коюшкан, – деди ал.

Жергиликтүү милиция бөлүмүнөн трансгендер Нигинанын сабалышы боюнча тергөө иштери башталганын, бирок кийинчерээк экөө элдешип алгандыктан, 10-июлда кылмыш иши токтотулганын билдиришти.

Алдамчылык жана баңгизат сактоо айыптары менен үч жылга соттолгон Нигина 22-июнда үй камагына чыккан.

Ал былтыр сентябрда камакта отурганда социалдык түйүн колдонуучулары түрмөдө анын чачын күчтөп алып салышканын жазышкан.

Былтыр 10-октябрда сот Нигинаны күнөөлүү деп тапкандан кийин ал Ташкенттеги №1 тергөө абагынан “Таштүрмөгө” которулган.

Быйыл февралда коомдук комиссиянын курамында аталган түрмөгө кирип чыккан «Эзгулик» укук коргоо уюмунун жетекчиси Абдурахман Ташанов Нигина менен сүйлөшүүгө үлгүргөн. Анда Нигина укук коргоо кызматкерлеринин көзүнчө ага абакта эч кандай басым жок экенин айткан.

Нигинанын жакындары ал “Эзгуликтин” өкүлдөрү менен жолуккандан эки күн өткөндөн кийин жатак абагына, андан кийин үй камагына чыкканын билдиришүүдө.

Миршариф Закиров (Нигина) буга чейин жергиликтүү интернет-басылмаларга берген маектеринде трансгендер экенин ачык айтып, акыркы жылдары белгисиз адамдар тарабынан бир нече жолу сабалганын билдирген.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары Өзбекстанда ЛГБТ өкүлдөрү гомофобияга жана зомбулукка көп кабылышарын билдиришкен.

Өткөн айда Өзбекстан парламентинин депутаты Алишер Кадыров ЛГБТ өкүлдөрүн жарандыктан ажыратып, өлкөдөн чыгарууну сунуштаган.

Количество просмотров: 413