• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тазабек Икрамов: Бышыкчылык маалда кымбаттаган азык-түлүк баасын жөнгө салуу керек

16 Кулжа 2021 18:03 Бишкек Govori.TV

Бышыкчылык маалда кымбаттаган азык-түлүк баасын жөнгө салуу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк, жашылча-жемиштердин кымбаттоосу элдин чөнтөгүнө чоң сокку болуп жатат.

«Жашылча-жемиш, тамак-аш азыктарынын кымбаттоосу элге кыйынчылык жаратууда. Жумушсуздук болуп турган чакта. Дагы бир маселе сугат суу менен камсыз кылуу. Бышыкчылык маалда мындай абал жаралып жатканы терс көрүнүш. Бул маселени өкмөт тез арада чечиш керек. Эгер азыр жаралган жагдайды көзөмөлгө албаса, элге кыйын болуп калат», — дейт депутат.

Белгилей кетсек, акыркы учурда азык-түлүк, жер-жемиштин баасы көтөрүлүп жатат. Мындан тышкары сугат суу тартыш болуп жатканын айтып чыккан Чүйдүн тургундары өкмөт үйүнө нааразычылык акциясына чогулушкан. Алар бийликтен сугат сууга болгон тартыштыкты чечип берүүнү талап кылышууда.

Количество просмотров: 369