• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тажик күч кызматкерлери алып кирип кеткен өспүрүмдөр кайтарылды

24 Аяк оона 2021 14:14 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган эки окуучу сүйлөшүүлөрдүн негизинде кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, бүгүн КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган Баткен, Лейлек райондорунун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту.

«Жолугушууда кыргыз-тажик чек аралаш аймактарында орун алган окуялар боюнча талкуу жүрдү. Сүйлөшүүнүн натыйжасында Лейлек районуна караштуу Жаштык айылынын эки окуучусу кайтарылды», —деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары эки тарап орун алган окуяларды жөнгө салуу жана чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды көзөмөлдөө, эки элдин ортосунда чыр-чатакка жол бербөө жана да социалдык түйүндөрдө чыгып жаткан чагымчыл маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча макулдашты.

Количество просмотров: 539