• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстанда бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсү «консервага ууланып» каза болду

4 Бугу 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын түштүгүндөгү Шахритуз райондук ооруканасында бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү, анын ичинде эрезеге жете элек үч бала каза болду. Бул тууралуу «Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Мухайё Авазалиева аттуу жергиликтүү тургун, анын сиңдиси жана үч бала Шахритуздун борбордук ооруканасына 2-май күнү кечинде жеткирилген.

Ооруканын дарыгерлери азырынча бир үй-бүлөдөгү беш кишинин өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз экенин билдиришти. Учурда алар Душанбеге жөнөтүлгөн анализдердин жыйынтыктарын күтүүдө.

Ал ортодо маркумдардын жакындары алар үй шартында жасалган консервага ууланышы мүмкүн экенин билдиришти.

Өткөн жылы ноябрда Согд облусунун Жаббор Расулов районунда бир үй-бүлө консервага ууланып, эки киши каза болгон.

Количество просмотров: 180