• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Тажикстанда пневмониядан камактагы 11 киши каза болду

13 Теке 202017:57 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери түзөтүү мекемелеринде 11 киши пневмониядан каза болду. Бул тууралуу 13-июлда өлкөнүн юстиция министри Музаффар Ашуриён билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан бул аралыкты камактагы 98 жаран пневмонияга чалдыккан.

Тажикстандын Юстиция министрлиги өлкөнүн түзөтүү абактарында коронавирус инфекциясын жуктургандар жок экенин билдирип келет. Бирок айрым камактагылардын туугандары абактарда бийликтин бул маалыматынан күмөн санашууда. Буга чейин Душанбедеги №1 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 47 жаштагы Абдулфайз Ражабовдун туугандары ал коронавирустан каза болгонун айтып чыгышкан. Түрмө жетекчилиги анын өлүмүнө пневмония себеп болгонун билдирген.

Количество просмотров: 136