• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тажикстандагы түрмөдө болгон тополоңду басуу учурунда бир нече адам өлдү

8 Жетинин айы 2018 14:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.11.2018.Govori.TV.
Тажикстандын Хожент шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакта чыккан соттолуучулардын тополоңун басуу учурунда бир нече адам каза тапты. Айрым басылмалар 13 киши мерт болгонун кабарлап жатышат.
Окуя 7-ноябрдан 8-ноябрга оогон түнү болгон. Тополоңдун эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берген булактын айтымында, абакка милициянын атайын күчтөрү киргизилген. “Чуу чыгарган адамдарда куралдар болгон, азыр окуянын эмнеден башталганы иликтенип жатат” деди атын атагысы келбеген адам.
Ал тополоңду басууда бир нече адам каза тапканын ырастады. “Каза тапкандар менен жапа чеккендердин саны азырынча так эмес. Мендеги маалымат боюнча түрмөдөн качып чыкмак болгон бир нече адам жарадар болгон. Айрым соттолуучулар абактын аймагынан сыртка чыкканга үлгүргөн” деди “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берген адам.
Хожент шаарынын жаза аткаруу башкармалыгы кечинде саат 22:30-23:00 чамасында ок атылганы тууралуу маалыматты ырастаган жок. Бирок ошол эле кезде абакта дүрбөлөң белгиси берилгенин билдирди.
Окуядан кийин Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү кабарланды.

 

Количество просмотров: 26