• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстандын тургуну милиционерлер уулун «зордуктайбыз» деп коркутканын билдирүүдө

7 Чын куран 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Рашт районунун тургуну милиция кызматкерлери сурак маалында уулун «зордуктайбыз» деп коркутканын билдирүүдө. Жергиликтүү ички иштер башкармалыгы бул айыптоону четке кагууда.

16 жаштагы өспүрүм 30-мартта Навобод айылындагы уурулук ишин тергөөнүн алкагында суракка алынган.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, учурда Рашт райондук прокуратурасы аталган айылдагы уурулук фактысы менен катар милиция кызматкерлеринин сурак маалындагы аракеттери боюнча да тергөө иштерин жүргүзүүдө.

«Милиция кызматкерлеринин прокуратурадагы сурагы төрт күнгө созулду. Тергөө иштери уланып жатат, азырынча аларга каршы кылмыш иши козголо элек», – деди аты-жөнүн айткысы келбеген прокуратура кызматкери.

Өспүрүмдүн атасы өткөн жумада уулу прокуратура имаратында милиция кызматкерлери менен беттештирилгенин билдирди.

«Уулум милиция кызматкерлери аны соода жайындагы уурулукту мойнуна алууга мажбурлашканын айтып берди. Ал макул болбой койгондон кийин милиция кызматкерлеринин бири анын кулагын чоюп, дубалды сүздүргөн. Андан соң шымын чечүүнү талап кылышкан. Уулум баш тартканда шымы менен ич кийимин күч менен чечип, зордуктайбыз деп коркутушкан. Беттештирүү маалында эки милиция кызматкери тең бул айтылгандарды четке кагышты», – деди өспүрүмдүн атасы.

29-мартта Рашт районунудагы соода жайлардын биринен 6 миң сомониге (550 доллар) бааланган азык-түлүк уурдалган.

Тажикстанда кыйноо фактылары боюнча кылмыш иштери өтө сейрек козголот. Жергиликтүү укук коргоочулар менен жарандык активисттер өлкөдө күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн кыйноолор жана катаал мамиленин башка түрлөрү көп колдонуларын айтып келишет.

Количество просмотров: 1008