• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

ТЭЦти текшерген депутаттык комиссия журналисттерди жыйындан чыгарып салды. Бишкектеги жол кырсыгынан жүргүнчү жабыркады Соңку жаңылыктар16 02 18

16 Бирдин айы 201813:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.02.18.Govori.TV
ТЭЦти текшерген депутаттык комиссия журналисттерди жыйындан чыгарып салды
Бишкек ТЭЦти текшерүүгө барган депутаттык комиссия журналисттерден бөлүнүп кетишти. Депутаттар Бишкек ТЭЦтин директоруна журналисттер жана телеоператорлор алардын ишине тоскоолдук жаратып жатышканын айтып, башка жакка бөлүнүп кеткен соң кайрылып кайра келишкен эмес. Журналисттер депутаттарды издеп таппаган соң тарап кетишти. Депутаттык комиссия мүчөсү Аида Касымалиева комиссия ишин журналисттер менен биргеликте ачык алпаруу чечимин кабыл алды деп бир жума мурда жарыялаган. Буга чейин Бишкек ЖЭБге барган депутаттарга ЖЭБ жетекчилиги дасторкон жайып, козу гриль бергени тууралуу маалыматтар тараган.
Дагы бир террорист кармалды 
Кыргызстанда террордук кол салууларды уюштурууну максат кылган жигит кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү деген шек кармалган Кыргызстандын 26 жаштагы жараны У.К. Сирияда согушка үйрөтүүчү атайын даярдыктан өтүп, «жанкечти» курсунан окуп чыккан. Ал өз өлкөсүндө жардырууларды уюштуруу тапшырмасын алган.Шектүү камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренеси 4-пункту (“чет өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу чыр-чатактарга катышуу”) жана 375-беренеси (“жалданмачылык”) боюнча кылмыш иш козголду. Тергөө иштери улантылууда.УКМКнын маалыматына караганда, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон
Бишкектеги жол кырсыгынан бир аял жабыркады 
Бишкек шаарынын “Көк-Жар” кичирайонунда жүргүнчү ташыган кичиавтобус жол кырсыгына кабылып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Белгилүү болгондой, кырсык Шабдан баатыр көчөсүндө болгон. Жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерге айдоочу тайгак жолдон рулду башкара албай калып, жол четиндеги арыкка оодарылып кеткенин айтып берген. Маршруттук транспорттун эшиги ачылбай калып, жүргүнчүлөр айдоочу тараптагы эшиктен чыгышкан. Окуя боюнча жеринде иликтөө иштери уланууда. Жабырланган аял ооруканага жеткирилип, дарыланууда. Анын аты-жөнү такталып жатат.

Количество просмотров: 149