• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Текебаев «Кумтөр иши» боюнча сурак берип чыкты

29 Кулжа 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев Кумтөр кенинин айланасындагы иштерге байланыштуу 28-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал “Азаттык» жазды.

“Тергөөчү 2012-жылы жана 2017-жылдагы окуялар боюнча сурады. Мен көргөн-билгенимди айтып бердим. Парламентте 2012-жылы Кумтөрдү иликтеген депутаттык комиссиянын ишин талкуулоо, Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча токтомдорду кабыл алуунун жагдайлары тууралуу сөз болду. 2017-жылы мөңгүлөрдүн тагдырын чечкен Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы боюнча да суроолор берилди”,-деп билдирген ал.

Кошумчалай кетсек, “Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да буга чейин күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан.

Количество просмотров: 156