• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Текебаев ырайымга муктаж эмес…

24 Бештин айы 2018 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.12.2018.Govori.TV.

Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда берген маалымат жыйынында Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, бирок мыйзам боюнча ырайым сураса берээрин айткан.
Ал эми Өмүрбек Текебаев өлкө башчынын бул айтканына жооп кылып, жаза мөөнөтүнүн беш жылдан ашуун бөлүгү бүткөнүн айтты. Мыйзам боюнча жакын арада жатак абакка жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ошол учурда өзүнүн актыгын далилдей турганын билдирди.
Бул тууралуу Аида Салянова өзүнүн фейсбук баракчасына: 
«Ырайымдуулук президенттин жеке каалоосу менен болгон укугу. Ырайым ошонусу менен ырайым. Аны соттолгон адам сурап албайт»,-деген билдирүүсүн калтырган.

Мунапыс сураган адамга өлкө башчы ырайым кылууга укуктуу бирок, анын бир катар эрежелери бар экенин Жогорку кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев белгилеп өттү.
Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча талаптар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген маегинен кийин күчөгөн. Анда мурдагы президент Текебаевдин айыптуу экени далилденсе да, аны каматканына өкүнөрүн айткан.
Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Мегаком» чырына байланыштуу «Коррупция» беренеси менен айыпталып, камакка алынган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Теги:
Количество просмотров: 10