Бишкектеги «Береке», «Беш-Сары» жана «Айчүрөк» соода комплекстеринин дүкөндөрүндө иштеген ишкерлерге, уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоого зарылдыгын мамлекеттик бажы кызматы жана «Инмобайлс» компаниясынын өкүлдөрү түшүндүрүштү.
Телефондорду каттоо системасын киргизүү менен телефон аткезчилиги, сапатсыз продукцияларды сатуу токтотулуп, телефон уурдоого бөгөт коюлары түшүндүрүлдү. Ишкерлер телефондорду мамлекеттик идентификациялоо тутумунун базасында каттоодон баш тарткан учурда айрым көйгөйлүү маселелерди чечүүгө байланыштуу суроолорго жооп алышты.
25-июндан тартып, эки ай ичинде жарандар эки телефонго чейин акысыз каттай алышат. Юстиция министрлиги мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканын кабарланган. Ага ылайык, Мамлекеттик идентификация системасында катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар пайдаланып жүргөн телефондор системага акысыз түрдө катталат.