«Социал-демократтар» партиясынын лидери, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды. Бирок ал ИИМге эмне себептен чакыртылганын айткан жок.
Эске салсак, учурда коомчулуктун талкуусунда эки кылмыш иши «Кумтөр» боюнча жана бийликти басып алуу коркунучу тууралуу иши бар. Биринчини УКМК, экинчи боюнча ИИМ тергөө ишин жүргүзүп жатат.
Бийликти күч колдонуп басып алуу кылмыш ишинин алкагында бир нече адам ИИМде сурак берип чыккан. Ал эми Курсан Асанов жана Алмаз Сарыбаев камакка алынды.