• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Темиров лайв» медиасынын кеңсесинде тинтүү жүрүүдө

16 Үчтүн айы 2024 9:47 Бишкек Govori.TV

«Темиров лайв» медиасынын Бишкектеги кеңсесинде күч органдарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Болот Темиров кабарлады.

Анын айтымында, бүгүн бул медианын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкен.

Учурда ИИМ бул тууралуу маалымат бере элек.

Количество просмотров: 64