• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Темиров менен Назаровдун ишинин тергелиши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө

1 Бирдин айы 2022 17:32 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети 1-февралда «Тemirov Live» аттуу Youtube каналынын журналисттеринин ишинин тергелиши тууралуу милициянын, прокуратуранын маалыматын укту. Анда Башкы көзөмөлдөөчү органдын өкүлү Тилек Мурзакулов бул иш көзөмөлдө экенин, айтылган доомат-сындар териштирилип жатканын билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев «журналисттин чөнтөгүнө баңгизатты салып коюшкан» деген маалымат текшерилип, аларды кармоо учурунда жана каналдын кеңсесинин ичинде тартылган видеолор иликтенип жатканын билдирди.

Эске салсак, 22-январь күнү кечинде Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыкты.

Количество просмотров: 135